Жаңылыктар
Быйыл 1916-жылкы элдик боштондук көтөрүлүшүнө 105 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл 1916-жылкы элдик боштондук көтөрүлүшүнө 105 жыл толду

Үркүндү эскерүү күнү борбордогу улуттук китепканада өткөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев баш болгон белгилүү коомдук ишмерлер, тарыхчылар катышты. Бул күндүн мааниси айтылып куран окулду.

Белгилүү коомдук ишмерлер, тарыхчылар бул ирет кыргыз элинин тарыхындагы кайгылуу окуялардын бири - 1916-жылдагы “Улуу Үркүндү” эскерүү үчүн чогулушту. Жыл сайын ири илимий конференциялар аркылуу белгиленип келген иш-чара пандемияга байланыштуу былтыртан бери чакан жыйын менен гана чектелүүдө. 

Кыргыз эли ал учурда орус падышачылыгынын аёосуз эзүүсүнө кабылган. Жер-суусунан, жайыттарынан айрылып, оор абалга каршы жапырт көтөрүлүшкө чыгышкан. Буга орус падышачылыгынын өз чек арасын кеңейтүүгө умтулуусу себеп болгон. 

Үркүн учурунда 200 миңге жакын адам кыргынга учураган. Айрым маалыматтарда Кытайга бараткан жолдо 300 миң киши каза болгону айтылып келет. Тарыхчылардын айтымында үркүндө кыргыз эли аз жерден улут катары жок болуп кете жаздаган. 

Кыргызстандын Кытай менен чектешкен алыскы ашууларында дагы көмүлбөй калган ата-бабаларыбыздын сөөктөрү бар экени айтылып келет. Мамлекеттик катчы алар текшерилип, такталган соң атайын жөрөлгөлөр менен жерге берилээрин кошумчалады.