Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна барды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, селден жабыркаган элдин жагдайынан кабар алды. Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу тутумдун абалы, аймактагы ишканалардын иши менен таанышып, облус жетекчисине бир катар тапшырмаларды берди.

Ысык-Көл облусу экспортко багытталган мөмө-жемиш продукциясын өстүрүп-өндүрүүнү колго алса келечекте киреше алуу жагынан элге чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул туурасында төрага Улукбек Марипов Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында, жемиш ширесин жана джемдерин өндүргөн «Этнопродукт» ишканасы менен таанышкан учурунда баса белгиледи. Ишкананын продукциясы Россия Федерациясына экспорттолот. Өндүрүштүк кубаты суткасына 5 тонна даяр сырьёну түзөт.

Улукбек Марипов ошондой эле катуу мөндүрдүн кесепетинен айыл чарба өсүмдүктөрү зыянга учураган Түп районундагы Арал айыл аймагынын жер тилкелерин кыдырып чыкты. Тактап айтканда, 647 гектар арпа, 71 гектар буудай, 376 гектар эспарцет, 29 гектар картошка, 22 гектар сарымсак, ошондой эле 500 карагат көчөтү зыян тарткан. Эми жергиликтүү бийлик элге жардам берем десе маселени чечүү үчүн сунуштарын эртерээк бериши керек.

Дыйкандардын акыбалы менен таанышуу учурунда төрага ошондой эле жергиликтүү эл айыл чарбасынан көбүрөөк пайда таба турган шарттарды түзүп берүү керектигин айтты. Бул үчүн жакын арада ар кайсы аймактарда тамчылатып сугарууга окшогон пилоттук долбоорлор иштей баштайт.

Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышкан учурунда Улукбек Марипов чыпкалап тазалоочу курулмаларды жаңыртуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды. Техникалык жабдууларды жаңысына алмаштыруу курч турат. Эгерде Ысык-Көлдү көзүбүздүн карегиндей сактайлы десек замаанбап жабдуу менен иштей турган тутумду түзүү зарыл. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тазалоочу жайларды реабилитациялоо долбоору боюнча ишти мүмкүн болушунча тездетиши керек деген Марипов дагы бир катар кошумча тапшырмаларды берди.