"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору Евразия темир жол түйүнүнүн Борбор Азия тилкесиндеги альтернативдүү жана маанилүү багыттардын бири болуп калаарын президент Садыр Жапаров Түркмөнбашы шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Борбордук Азия аймагын дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгиледи. Учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу маанилүү транспорттук коридорлор өтөт, алардын ичинде ТРАСЕКА, БАРЕК, ШКУ жана башкалар бар. Президент ошону менен бирге, дүйнөлүк океандарга чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон Борбор Азия чөлкөмүнүн обочолонуп турганы аталган аймактагы өлкөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди күчөтүүнү жана биздин өлкөлөрдүн деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берүүчү жаңы транспорттук коридорлорду түзүүнү талап кыларын белгиледи. Бул стратегиялык маанидеги милдет болуп саналат.
Садыр Жапаров Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жана шарттарга туура келген жол жана транспорт инфраструктурасы активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү Борбор Азия, КЭР, ЕАЭБ, ЕБ өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик жүктөрдү Карачи жана Бандер-Аббас портторуна жеткирүүдө кыска убакытты жана арзан чыгымдарды камсыз кылууга жөндөмдүү болгон транзиттик коридорлорду белгиледи. Евразия темир жол инфраструктурасын куруунун жана модернизациялоонун зарылдыгын белгилөө керек.
Кыргызстан бул инфраструктуранын бир бөлүгү болууга кызыкдар. Мындан сырткары, Борбор Азияда мультимодалдык транспорттук коридорлордун өз ара пайдалуу колдонулушун камсыз кыла турган суудагы жана жердеги транспорт ортосундагы функционалдык шайкештикти иликтөө боюнча «чакан жерлерди» биргелешип иштеп чыгууну улантуу сунушталууда. Ошону менен бирге Өлкө башчысы эгерде мамлекеттик чек арадан өтүүгө байланышкан тоскоолдуктар сактала бере турган болсо, ийгиликтүү ишке ашырылган инвестициялык долбоорлор жана жаңы транспорттук коридорлор регион өлкөлөрүнө эч кандай пайда алып келбей тургандыгына көңүл бурду.
Президент Садыр Жапаров соода тармагындагы өз ара кызматташтыкты активдештирүү максатында кыргыз тарап Министрлер кабинетинин төрагаларынын соода маселелери боюнча иш алып барган орун басарларынын деңгээлинде беш тараптуу өкмөттөр аралык комиссияны түзүү маселесин карап чыгууну сунуштап жатканын баса белгиледи.