Жаңылыктар
ӨКМ: Өлкөнүн бир катар аймактарында 5-август күнү кечинде кайрадан сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Өлкөнүн бир катар аймактарында 5-август күнү кечинде кайрадан сел жүрдү

Республиканын бир катар аймактарында 5-августтун кечинде кайрадан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунда сел эки баш кой-эчкини агызып кетип, жалпысынан 12 чакырымдай ички автожолдорду, 20 гектар үлүш жерди жана 20 чакты үйдүн короосун каптады. 

Нарын шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон айылындагы 15 турак үйдүн короосун, анын ичинен беш үйдүн ичин, бир үйдүн жертөлөсүн суу каптады.Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жуманын аягына чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен. Өткөн айда Баткенде сел 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 

Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыккан.