Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Шаардын мэри шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен шайланат. Белгилей кетсек, Ош шаарынын буга чейинки мэри Таалайбек Сарыбашов учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы төрагасы болуп иштеген Алмаз Мамбетов убактылуу Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууда.