Жаңылыктар
“Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси эки айга камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси эки айга камакка алынды

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев эки айга камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 3-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алынды. 

Ашырбаев кармалганын УКМК 4-августта билдирген жана ал Кара-Кече кенинен казылып алынган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы үчүн айыпталып жатканы кабарланган. Атайын кызмат билдиргендей экспертизанын жыйынтыгында казылып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн.