Жаңылыктар
Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүнүн курулуш иштери менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүнүн курулуш иштери менен таанышты

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов 5-августта шаардагы Э.Алиев көчөсүн, М.Джинах көчөсүнөн А.Суюмбаев көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэр эң башкысы курулуштун сапатына көңүл буруу керектигин айтып, ал боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Э.Алиев көчөсүнүн курулушунун жалпы узундугу 1075 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун эки тарабынан жөө жүрүүчү жолдун туурасы 2 метр, жашыл зона 1 метрден. Жолго 2 катмар асфальт басылып, эки тарабына ирригациялык арыктар орнотулат. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүп, ушул жылдын III кварталынын аягына бүткөрүлөт.