Жаңылыктар
Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында көк бөрү оюнуна күбө болду
Кыргызстан жаңылыктары
Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында көк бөрү оюнуна күбө болду

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарынын ат майданында аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын 38-турниринин алкагында уюштурулган көк бөрү боюнча мелдешке күбө болду.3-августта өткөн иш-чарага Көк-Бөрү федерациясынын ардактуу президенти, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, КРнын Көк-Бөрү федерациясынын вице-президенти Талас Бегалиев жана федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков катышып көк бөрү оюнунун тарыхы, маани манызы тууралуу кенен маалымат беришти. Мындан сырткары, «Bigser Sport» компаниясынын колдоосу менен атайын даярдалган көк бөрү оюнунун формасын Хабиб Нурмагомедовдун өзүнө белекке тапшырышты.

Мелдешке Достук жана Ынтымак командалары катышып 3:2 эсебинде Ынтымак командасы жеңишке жетти. Уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан 1-орунду алган Ынтымак командасына 450 миң сом жана Достук командасына 350 миң сом байгени Хабиб Нурмагомедов өзү тапшырды.

Өз кезегинде Хабиб Нурмагомедов көк бөрү оюну укмуштуудай кызыктуу экендигин, интернер булактарынан оюндун видеосун көрүп Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүүнү каалап жүргөндүгүн белгиледи.