Кыргызстанда жылына болжол менен 100 миң аял төрөсө, анын 2,48 пайызы өлүмгө дуушар болот. Бул 2015-жылга карата аныкталган улуттук көрсөткүчтөн алда канча көп. Тагыраагы, алты жыл мурда төрөт учурундагы энелердин өлүмүнүн орточо көрсөткүчү 1,57 пайызды түзгөн.
Адистердин айтымында, энелердин төрөт маалында жана көз жаргандан кийин каза болушуна кош бойлуу учурда өз саламаттыгына жеткиликтүү кам көрбөгөнү себеп. Тагыраагы айрым кош бойлуулар дарыгерлердин сунуштамаларын туура жана өз убагында аткарышпайт.
Дени сак баланын төрөлүшү - биринчи кезекте эненин ден соолугунан көз каранды. Албетте, андан кийин медициналык жардам, эне менен балага үйдө көрүлгөн камкордук, ооруканадагы шарттар таасир этпей койбойт. Соңку жылдары төрөттөн каза болгон энелердин саны олуттуу көйгөй бойдон калууда. Кечээ жакында эле төрөттөн кийин каза болгон 18 жаштагы жаш эненин өлүмү коомчулукта кызуу талкууга түштү.
Адистердин айтымында, энелердин өлүмү боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы сапта экени белгилүү. 2019-жылы өлкөдө 40ка жакын эне төрөт маалында жана көз жаргандан кийин каза болгон. Аялдардын өлүмгө дуушар болушунун башкы себеби - көп учурда энелер кош бойлуу кезинде өз саламаттыгына көңүл бурбай, дарыгердин көзөмөлүндө болушпайт - дейт акушер-гинеколог.
Акыркы кездери 17,18 жаштагы энелер менен катар никесиз кош бойлуу болгон кыз-келиндердин саны өсүүдө. Дарыгердин айтымында, аялдар айлык алуу үчүн төрөгөнгө чейин иштөөгө мажбур болушат. Бул да кандайдыр бир деңгээлде эне-баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизбей койбойт дейт адистер.
Расмий маалыматтарга таянсак, былтыр Кыргызстанда 158 миң аял көз жарган. Алардын 27 пайызга жакыны биринчи жолу эне болсо, 35 пайыз же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу төрөгөн. Ар кандай себептерден улам ымыркайлардын өлүмү 2270ти түзгөн.