Жаңылыктар
ӨКМ: 5-8-августка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: 5-8-августка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. 

5-августтан 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.