«Кара-Кече» көмүр кенине жаңы техникалар Кореядан алынып келинүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-кече филиалы” тарабынан эки даана экскватор сатып алууга сынак жаряланган. Кореядан өндүрүлгөн DOOSAN үлгүсүндөгү экскаватор саналуу күндө Кыргызстанга жеткирилет. Бул техникалардын баасы 55 млн 112 миң сомду туздү. Бүгүнкү күндө Жумгал районунун аймагындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" көмүр кесиминде ижарага алынып 5 экскаватор, 30 хово унаасы жана 1 даана погрузчик, 2 бульдозер техникасы иштеп жатат.
Эске сала кетсек, аталаган ишкана техника жетишсиз болгондугуна байланыштуу ижарага алып иштөөгө мажбур болуп келген.