Кыргызстанда билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөгө кызматкерлеринин 70% коронавируска каршы эмделгенде жана эпидемиологиялык кырдаал канааттандырарлык болгондо өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Айтымында, мектептер жана окуу жайлар кандай форматта иштери азырынча аныктала элек.
Мамлекеттик окуу жайлардын жана бала бакчалардын көбү, айрыкча Бишкектегилери коронавируска байланыштуу өткөн жылдын март айында жабылгандан бери толук ачыла элек.
Билим берүү жана илим министрлигинде бул тармактагы актуалдуу маселелерге арналган кеңейтилген жыйын өттү. Анда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана буга чейин топтолгон көйгөйлөрдү биргелешип чечүү каралды. Министр Болотбек Купешев жаңы кызмат ордундагы үч айлык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Ал өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып келгенин жана маселелер менен жеринен таанышып келгенин билдирди.
Кыргызстанда 2040-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү программасы бар, жаңы жетекчилик тарабынан аны 2023-жылга чейин жүзөгө ашыруу планы, жеке милдеттенмелер планы, ошондой эле министрликтин иш планы кайрадан иштелип чыккан. Ошондой эле министрликтин жаңы сайтынын бет ачары болду. Эми жарандар билим берүү тармагындагы бардык маалыматтарды сайтта алса болот.
Быйылкы жаңы окуу жылы кандай болору мугалимдердин “Август кеңешмесинде” чечилери, Кыргызстандын билим берүү тармагында иштегендердин 54-80% коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү 2-августта айтылган.