Жаңылыктар
Талант Мамытов жетектеген делегация Иран президентинин ант берүүсүнө катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов жетектеген делегация Иран президентинин ант берүүсүнө катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген делегация иш сапары менен Иран Ислам Республикасына учуп кетти. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлагандай, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов, ошондой эле Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков бар. 

Кыргызстандын делегациясы Иран Ислам Республикасынын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышат. Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун Иран Ислам Республикасынын жетекчилери, ошондой эле инаугурация салтанатына келген чет элдик делегациялардын башчылары менен жолугушуусу пландаштырылууда.