Жаңылыктар
Темир Сариев эки айга камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Темир Сариев эки айга камакка алынды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. 

"Темир Сариев Биринчи май райондук сотунун 4-августтагы чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске салсак, 3-август күнү мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалган. УКМК Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин ишинен экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелүүдө.