Оймо-чиймелер түшүрүлүп, шөкөттөлгөн кыргыздын улуттук кийими чет элдиктердин гана көз жоосун албай ички рынокто да суроо-талаптарга да ээ. Көп жылдан бери улуттук кийимдерди тигип, ага бабалардан келе жаткан оймо-чиймелерди түшүргөн Ишенбүбү Аламанова улуттук баалуулуктарды аздектеп сактап, келечек муунга жайылтып келет. Себеби кыргыздын улуттук кийимдери —эгемен өлкөнүн тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү.
Калпак боюнча бир катар сынактардын жеңүүчүсү, сүрөтчү-дизайнер Ишенбүбү Аламанова 30 жыл ичинде калпактын ар кандай түрлөрүн ойлоп тапкан. Ар бир калпакка терең маани берген уз өзүнчө философиялык ой жүгүртүү менен накта кийизден жасайт. Мындан улам атайын келип Ишенбүбү айымдын колунан калпак алгандар арбын. Бул жерде калпак кардардын жаш курагына, дүйнө таанымына жараша сунушталат.