Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолун реконструкциялоо боюнча долбоор башталды. Бул милдет биринчи жолу ата мекендик компанияга жүктөлдү.
Долбоор мамлекет башчы Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругунун негизинде "Кумтөр Голд Компаниясынын" каржылоосу менен ишке ашат. 141 чакырымды түзгөн жолдун 25 чакырымы кийинки жылы толук пайдаланууга берилмекчи.
Эркинбек аксакал өмүр бою Тоң районунда жашап, жол көйгөйүн жон териси менен сезип келет. Ал тар, аң-чөнөгү көп жолдон каттагандан жергиликтүүлөр тажап жүрүшкөнүн айтат. Кечинде жарыгы жок жолдо мал-жандыктар унаалар сүзүп кеткен учурлар көп эле болгон.