Милиция кызматкерлери каржылык пирамиданын курмандыгы болуудан сак болууну эскертет. Мындай жагдайга кабылган учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Бүгүнкү күндө Бишкекте каржылык пирамида фактылары боюнча бир катар кылмыш иштери тергелип жатат.
Алар жабыр тарткандарга акчалай түрдө жогорку киреше убада кылышкан. Финансылык пирамиданы уюштургандарга карата мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилиги каралган. Андыктан укук коргоо органдары бул сыяктуу компанияларга акча берүүдөн мурда анын катталганын, мыйзамдуу иш алып барып жатканын текшерүү керектигин эскертет.