Балыкчы-Барскоон жолун реконструкциялоо долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругунун негизинде "Кумтөр голд компани" ЖАКнын каржылоосу менен ишке ашууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдагандай баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда. Жаңы жол төрт тилкелүү болуп, бөлүүчү тосмо коюлат. Балыкчы — Барскоон жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келген. Мындан улам Президент Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону июнь айында тапшырган. Бул жолдун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт.