Жаңылыктар
Кара-Кечедеги коррупциялык схемага бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кечедеги коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында көмүрдү өндүрүүнүн көлөмүн аз көрсөтүү менен көмүрдү уурдоо коррупциялык схемага бөгөт коюлду. 

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги пайда көрүү максатында "Кара-Кече" кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталды. Кийинчерээк чийки заттар көзөмөлдөгү компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөр, анын ичинде Бишкектеги ЖЭБге сатылган. Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 млн. сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган. 3-августта сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору жана "Кара-Кече" филиалынын бухгалтери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.