Балыкчы – Барскоон жолунун курулушу башталды. Бул каттамдын жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт. Курулуштун 1-фазасында 25 чакырымды ондоо каралган. Жол совет мезгилинен бери ремонттолбой, жашоочулардын көйгөйүнө айланган.
Белгилей кетсек, жолду салуу жумуштарын биринчи жолу ата мекендик компания ишке ашырууда. Учурда 200гө жакын мекендешке жумуш берилип, 1 жылда аяктоо пландалып жатат. Аталган жолдун курулушуна республикалык бюджеттен 20 млн. доллар бөлүнөт. Жолдун курулушуна жеке Президент Садыр Жапаров көңүл бурууда, Мамлекет башчы жолдун сапатына, аяктоо мөөнөтүнө жана жол салуудагы коррупциялык иштерге жол берилбесин деген пикирин билдирген.