Жаңылыктар
Баткен облусун өнүктүрүү программасы даярдалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусун өнүктүрүү программасы даярдалууда

Баткен облусун өнүктүрүү программасы даярдалууда. Бул иштер өзгөчө макам берүү мыйзамына ылайык ишке ашырылмакчы. 2035-жылга чейин эсептелген Программанын максаты - аймактагы болгон маселелердин баарын камтуу менен бирге аны чечүү жолдорун көрсөтүү. 

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш долбоорду үч окууда кабыл алган. Эми мыйзамга мамлекет башчысы кол койсо документ күчүнө кирип, программаны ишке ашыруу жумуштары колго алынат.