Жаңылыктар
Күйөрмандар балбандарды чоң экрандан көрүп сүрөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Күйөрмандар балбандарды чоң экрандан көрүп сүрөштү

23-июлда башталган Токио Олимпиадасын КТРКнын спорт каналы баштан аяк түз эфирде көрсөтүүдө. Бүгүн Кыргызстандын балбандарынын беттешин түз эфирде көрсөтүү менен мелдешти ар бир көрүүчүгө жеткирүү максатында Коомдук биринчи каналдын имаратынын сртындагы чоң ЛЕД экрандан да көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Сырттагы чоң экрандан балбандарыбыздын килем үстүндөгү беттештерин көрүүгө 100дөн ашуу күйөрман чогулуп, спортчуларды сүрөөнгө алышты.