Монополияга каршы агенттигинде да кадрдык өзгөрүүлөр болду. Мекеме жетекчилиги билдиргендей бир жума аралыгында өлкөнүн түндүк-түштүгүндө эмгектенген кызматкерлер ротация болгон.
Ошондой эле бул тармакта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Адистер Кыргызстан импортко көз каранды экендигин жана социалдык маанилүү продукциянын 80 пайызы сырттан келип ички рынокко таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Агенттик көп керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жасап, алардын ичинен өсүмдүк майы менен шекерге болгон баага жаздан бери көзөмөл жүргүзүүдө.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жыл башынан тарта айыптардын эсебинен бюджетке 138 млн сом которгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 30 млн сомго көп.
“Жылдын аягына чейин дагы көбөйтөбүз. Айып пулдун жыйналышынын көбөйүшү органдын эффективдүү иштешинен кабар берет”,- деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков.