Кемин районунун Кемин шаарында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97 чакырымында жолдун жээгинде "Red Petroleum" май куйуучу жайында турган жүк ташуучу Мерседес-Бенц унаасынан өрт чыгып, толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт 1 май куйуучу колонкага өтүп, оператордук бөлмөсү, жалпы аянты 80 чарчы метр ичинде жайгашкан дүкөнү жана темир калай менен жабылган бастырмасы аянты 140 чарчы метр күйүп кетти. Өрттүн болжол менен жалпы аянты 220 чарчы метрди түзөт.
Өрт саат 23:40та чектөөгө алынып, 04:36да толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.