Жаңылыктар
ИИМ: Ээнбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Ээнбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-июль күнү болжол менен 19:00до Ош облусунун Өзгөн шаарынан белгисиз адамдар анын уулун себепсиз сабашып, денесине жаракаттарды келтиргендигин билдирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине кылмыш дүйнөсүнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, ыкчам иш-чараларга ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери киришкен. 

Ушул жылдын 28-июль күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун "Кара-Суу-Өзгөн" унаа жолунан шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган Т.О. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. 

Алынган маалыматтар боюнча жаран Т.О. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.