Жаңылыктар
Ош шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ош шаардык кеңешине шайланып келген 45 депутатка мандат тапшырды. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо 11-июлда өткөн. 

Анда, ат салышкан сегиз партиянын ичинен төрт партия жети пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жетти. Шайлоодон БШК тарабынан чететтилген “Биздин Кыргызстан ” партиясы соттон утуп чыгып, кайрадан катарга кошулду. 

Натыйжада, “Ата-Журт Кыргызстан” париясына - 19 мандат, “Биздин Кыргызстан” партиясына – 15, “Улуттар биримдигине” 7 жана 4 мандат “Бир Бол” партиясына бөлүштүрүлдү. Алдыда, шаардык кеңешке келген партиялар алгачкы отурумунда коалиция түзүү жана төрага шайлоо маселелерин карайт.