Жаңылыктар
"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү, мурдагы депутат 5 жылга эркинен ажыратылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү, мурдагы депутат 5 жылга эркинен ажыратылды

Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин мурдагы депутатынын баш коргоо чарасы каралып, Жалал-Абад шаардык сотунун чечимине ылайык 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлебөө шарты менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

Мурда маалымдалгандай, УКМК былтыр 30-октябрда Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу Конституцияга каршы келген ойлорун айткан, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү жана 313-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык былтыр ноябрда кармаган. 

Белгилүү болгондой, ал адам кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, "Солдат" каймана аты бар "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон.