Кыргызстанда үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн чет өлкөнүн жараны аныкталып, кармалды.
Изделип жаткан жаран эл аралык терроризмдин чет элдик борборлорунун координациясы астында куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүү максатында калктын диний бөлүгү арасында активдүү үгүт иштерин кылып жүргөнү аныкталган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК Эл аралык террордук уюмдун ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.