Жаңылыктар
Мугалимдердин “Август кеңешмесинде” жаңы окуу жылында мектептерди ачууга даярдыктар талкууланат
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдердин “Август кеңешмесинде” жаңы окуу жылында мектептерди ачууга даярдыктар талкууланат

Мектептерди ачып, балдарды мектепте окутууга байланыштуу маселелер мугалимдердин “Август кеңешмесинде” талкууланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди. 

“Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге “Август кеңешмесине” даярдык жүрүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептердеги реалдуу шартта окууга даярдыгы каралууда” - деди ал.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат, өлкө боюнча бул вирус дээрлик 165 миң кыргызстандыкка жукту, 2 миңден ашык адам жугуштуу оорудан каза болду.