Ош шаарынын мэринин милдетин убактылуу Алмаз Мамбетов аткарат. Жаңы жетекчини жамаатка Президенттин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов тааныштырды.
Ал, Мамбетовдун мамлекеттик кызматта тажырыйбасы мол экенин, экинчи борбор Ош шаарын өнүктүрүүгө болгон күч –аракетин жумшай турганын билдирди. Сөз кезегинде, легендарлуу парламенттин депутаттары мамлекет башчынын ротация саясаты өлкөнүн өнүгүүсүндөгү анын ичинде коррупциялык экөрүнүштөргө бөгөт койчу бирден-бир ийгиликтүү кадам экенин айтышты.
СССРдин тушунда дал ушундай кадам менен гүлдөгөн Кыргызстан түптөлгөнүн мисал келтиришти. Алмаз Мамбетов, Ош шаарыныны мэрлигине президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал, 45 жашта. 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон. 2020-жылдагы октябрынан тартып, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеди.