Жаңылыктар
ӨКМ: Ысык-Көлдөгү селдин кесепетинен 342 үйдүн короосу жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Ысык-Көлдөгү селдин кесепетинен 342 үйдүн короосу жабыркады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунда 30-июлда жүргөн селдин кесепети тууралуу маалымат берди. 

30-июлда катуу жааган жандан Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, үйлөр, ички чарбалык унаа жолдору, эгин талаалар, сугат каналдар жабыркаган. Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 342 үйдүн короосу, анын ичинде 67 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, эки үй авариялык абалга, эки үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктар, жолдор кум шагылга толгон. 

Сел каптагандан кийин жараксыз абалга келген жолдордун, үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн сүрөт-видеолору интернеттеги социалдык тармактарда жарыяланып, талкууга алынууда.