Жаңылыктар
Кадамжай районунун Алыш айылында селдин кесепеттери жоюлууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районунун Алыш айылында селдин кесепеттери жоюлууда

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алыш айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, сел 1-август күнү саат 21:30дар чамасында жүргөн. 

Мекеменин Кадамжай райондук бөлүмүнүн алдын ала берген маалыматы боюнча, Алыш айлында 17 турак жайдын короосун, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөөсүнө сел суулары кирген. Сел кетүүчү сай ичиндеги 4 чакырым ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө. Сай жээгиндеги 13 огороддун жээгин алып, эрозия жараткан. 

Сугат суу берүүчү каналдын 3 жерине кум аралаш шагыл толтурулуп, РЭС ишканасына караштуу 4 мамыны бузуп кеткен. Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылында дагы сел жүрүп, сай ичиндеги 700 метр ички чарбалык жолду бузган. Учурда сел жүргөн аймакта иликтөө, тактоо иштери жүргүзүлүүдө.