Жаңылыктар
ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. 2-4-августта тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. 2-4-августта тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. 

Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлагандай, 2-августтан 4-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. 

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.