Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык турист кыздын сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык турист кыздын сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон казакстандык турист кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Россиядан келген 5 турист (бир үй-бүлө, үчөө РФнын, экөө Казакстандын жарандары болгон) эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-жылы туулган кыз дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринен натыйжа болгон эмес. 

"Ала-Көл жайлоосундагы Каракол суусунда белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 6 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган адамдын жансыз денеси 29 жаштагы кыз экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.