Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова 7-5 эсебинде алгачкы беттешин жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Мээрим Жуманазарова 7-5 эсебинде алгачкы беттешин жеңди

Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын алкагында алгачкы беттешин жеңип алды. Анын атаандашы 28 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада-2020 мелдешинин чейрек финалына чыкты. Ал баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алды.