Жаңылыктар
Санариптештирүүнүн жүрүшү
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптештирүүнүн жүрүшү

Санарипке өткөн кайсы бир өлкөнү албайлы алардын дээрлигинде эгерде кандайдыр бир документти бүтүрүш керек болсо маселен кагаз толтуруу, кол койдуруу, тигиге бар, буга бар өңдүү бюрократиялык тоскоолдуктар жокко эсе. Өзү бюрократия болгон жерде коррупциялык көрүнүштөргө жол берилиши турган иш. Мына ушундан улам Кыргызстанда акыркы жылдары билим берүүдөн баштап, медицина тармагына чейин санарипке өткөрүү вазыйпасы жакшы эле нукта жүрүп жатат.

Бишкек менен айрым облус борборлорунда буга чейин мектеп менен бала бакчаларга балдарды кабыл алууда кезекке туруу электрондук тутуму ишке киргизилип бул да өз жемишин бергенин айткан элек. Айрыкча коронавирус пандемиясы учурунда медицина тармагынын санарипке өтүүсү тармактын ишин кыйла женилдетти. Бул эң ириде бейтаптын, үйдөн чыкпай эле каалаган убакта дарыгер менен байланышып, кеңеш алуусу, дары дармектердин кайсы жерде бар же жогун билүүсү, электрондук кезекке туруу өңдүү жана башка жеңилдиктер каралган. 

Бул багытта учурда башка медициналык мекемелерди компьютер жана тынымсыз интернет менен камсыздоо жагы каралып жатат. Адистер медицинадагы санариптештирүүнүн өзгөчөлүгү аз убакыттын ичинде көп жумуштарды бүтүрүп алууга болорун жана бул өз кезегинде тармактагы бардык ишти оптималдаштырууга алып келерин айтышат.