Жаңылыктар
Улут болсоң тилиң менен улутсуң
Кыргызстан жаңылыктары
Улут болсоң тилиң менен улутсуң

"Улут болсом тилим менен улутмун" деген сөздүн мааниси теренде экени талашсыз. Азыр дүйнө жүзү боюнча 7 миңге жакын тил бар болсо алардын жарымы ушул кылымдын соңуна чейин жок болуп кетиши мүмкүн деп окумуштуулар алдын ала божомолдорду жазганы бар. Албетте кыргыз улуту барда эне тилибиз жок болуп кетпеси бышык. Башкысы тилибизге аяр мамиле жасап, аны андан ары аздектеп алсак болгону.

Чынында чалкыган Манас эпосун жана башка көптөгөн оозеки чыгармаларды жараткан кыргыздарды 18-кылымда эле Орус окумуштуусу Василий Радлов таасын байкап, "Кыргыз тили түрк тилдеринин ичинен эң бай тил турбайбы" деп айткан жайы бар... Айрым тилчилер үйдө кыргызча сүйлөнбөй, министрликтерде документтер кыргызча жазылбай калса тил улам четке сүрүлө берет дешсе, айрымдары азыркы ааламадашуу процессинде боло берчү көрүнүш андан чоочулоонун кажети жок дешет. 

Жалпылап алып караганда эгемендик алган жылдардан бери эне тилге болгон мамиле өзгөрдү. Ошол эле учурда айрым кемчиликтер да орун алды. Тилчилер тилди гүлгө салыштырат, аны канчалык карап, кам көрүп турса ошончолук натыйжа болоорун белгилешет... Бул апада мына ушул Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп кайра түзүлдү.