Жаңылыктар
Кышка карата камылга
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка карата камылга

Кыштын камын жайда көр дегендей учурда күз-кыш айларында сууктан өчүрүүлөрсүз чыгуу максатында өлкө боюнча бир топ жумуштар жүрүп жатат. Кампаларга көмүр менен мазут жеткирилип, айрым жерлерде көмөк чордондор менен электр чубалгылары жанысына алмаштырылууда. Дегеле жылытуу дегенде эле көпчүлүгүз жылуулукту электр энергиясы аркылуу аларыбызды элестетебиз. Ансыз кышында оокат өтпөчүдөй сезиле берет. Өзү өнүккөн өлкөлөрдө электр тогу кымбатка тургандыктан энергияны альтернативдүү булактардан мисалы күндөн, отундан (шамал) жана башка булактардан алып келет.

Кыргызстанда акыркы жылдары электр энергиясына карата баа саясаты өзгөрүлгөн эмес. Мисалы КМШ мамлекеттеринин ичинен биздин өлкөдө электр энергиясына болгон баа өтө эле төмөн экенин билебиз. Бир жагынан алып караганда кыргызстан сууга бай болгондуктан энергиянын негизги булагын мына ушул суудан алаары шексиз. Бул жаатта өлкө башчы чакан ГЭС тармагын өз көзөмөлүнө алып, бул ишке басым жасаган ишкерлерди ар тараптан колдоого алып келет. 

Учурда Токтогул суу сактагычындагы сунун дегеели 12 млрд куб метрге чейин жетип калды жана буга байланыштуу адистер күзгө чейин суу жетиштүү топтолоорун жана мында өлкө кышында өчүрүүлөрсүз чыгарын айтышат. Ал арада шаарлардагы электр борборлоруна көмүр жеткирүү иштери өз нугунда жүрүп жатат.