Кыргызстанда туризм тармагы өтө тездик менен болбосо да акырындык менен өнүгүү жолунда. Айрыкча өлкөдө жайкы туризм жакшы нукта деп айтсак болот. Бирок коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү туризмге анын ичинде биздин өлкөгө да кедергисин тийгизбей койгон жок. Дүйнөгө белгилүү туристик мамлекеттердей азырынча тейлөөнүн сапаты жагынан укмуш деп айтпасак дагы чама чаркыбызга жараша аракеттер менен жылыштар жок эмес. Эл аралык адистердин пикиринде Кыргызстан жаратылышы кооз тоолу өлкө болгондуктан экотуризм менен этнотуризмге көбүрөөк басым жасоо керек. Туура азыр туристтердин көпчүлүгү бийик имараттарды көрүп, дүкөн кыдыруудан да жапайы жаратылышка чыгып, ат минип, жергиликтүү элдин маданияты, тамак-ашы, салты менен таанышканды эп көрөт.
Кыргызстанда туризм тармагынан өлкө бюджетине жыл сайын пандемияга чейин жакшы эле кирешелер түшүп атканын байкай алдык. Анкен менен мурункудай болбосо да быйыл өлкөгө чет мамлекеттерден келген туристтердин агымы байкалууда. Мындан сырткары чет элдик туристтердин санын мындан да көбөйтүү максатында өлкө башчы Садыр Жапаров Болгария, Вьетнам, Кипр, Таиланд, Мексика өңдүү ондогон мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз кирүү режими жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул да болсо жергиликтүү туристтик бизнеске колдоо болоору шексиз.
Мындан сырткары мына ошол туристтердин жолдогу коопсуздугу да башкы маселе экенин эстен чыгарбообуз абзел. Бактыга жараша азырынча чет элдик эс алуучулар катышкан жол кырсыктары болгон жок, болбой эле койсун...Бирок акыркы кездерде кыргызстандын туристтик имиджине көө жапкан жол кырсыктарынын көп катталышы, башкысы барынан кымбат адам өмүрлөрүнүн кыйылышы ойлондурбай койбойт. Бул өңүттө учурда кыргызстандын бардык аймагында айрыкча Ысык-Көл облусуна кетчү унаа жолдорунда жол коопсузуду күчөтүлдү.