Дүйнөдөгү кургакчылык аба ырайы кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Буга байланыштуу учурда мал менен алектенген фермерлерди тоют маселеси көбүрөөк түйшөлтүп жатат. Мындан улам алдыдагы айларда тоютка болгон баа көтөрүлүп кетпеси үчүн министрлер кабинети өндүрүлгөн тоюттун бардык түрлөрүн жыл аягына чейин өлкөдөн сыртка чыгарбоо жана четтен келген тоюттарга кошумча нарк салыгын бошотуу боюнча токтом долбоорун кабыл алды.
Азыр базарларда бир тангак чөптүн баасы 300 сомдун тегерегинде, арпанын 1 килограммы 20 сомдун тегерегинде, саман чөп 200 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Мисалы былтыр бир тангак чөп 150 сомго бааланган эле. Ал арада Монополияга каршы агенттиги базарлардагы эт,сүт азыктарына болгон бааны көзөмөлдөө иштерин күчөттү. Адистер кардын аз жаашы менен жаздын кеч келиши жана кургак аба ырайы өлкөдө тоют көйгөйүн курчутуп жиберди дешет. Фермерлер болсо жем менен тоюттун кымбатташы жумуртка, сүт, эт жана башка азыктардын баасынын жогорулашына таасир тийгизерин, мында мамлекеттин колдоосу да чон жардам берерин жашырышпайт.