Улуттук экономиканын өнүгүүсү ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн жаны чет элдик базарларды багыныдыруусуна жана экспорттун көлөмүнүн жогорулоосуна көз көз каранды. Бүгүнкү күндө ондогон ата мекендик ишканалар ЕАЭБ алкагындагы базарларда өз продукцияларын сатып келет. Эң ириде бул ишканалар биримдиктин бардык талаптарынын негизинде продукцияларын алгач өлкө аймагында ачылган логистикалык лобаротриялардан өткөрүп эле тышка сатууга жөндөмдүү. Барыбызга маалым учурда калыкыбыздын көбү айыл чарба менен алектенгендиктен акча табуунун негизги жолу да ушул тармакта.
Мындан улам айыл чарба тармагында продукцияга карата жаңы талаптар менен атаандаштыкка туруштук берүү чакырыктары негизгилерден болууда. Өлкөнүн тышкы соодасы улуттук экономиканын өсүүсүндө башкы ролду ойнойт. Ошондой эле финансылык стабилдүүлүк аркылуу бюджетке киреше түшүп, өндүрүштүн алга жылуусу жумушчу орундардын көбөйүүсүн шарттайт. Ошону менен катар сырттан келген продукциялардын келишин башкача айтканда импорт азайып, ата мекендик ишканаларга жакшы мүмкүнчүлүк жаралат. Бүгүнкү күндө дүйнөдө экологиялык жактан таза азыктарга суроо талаптын өсүп жатканы байкалууда. Адистердин белгилөөсүндө Кыргызстан таза айыл чаба азыктарын өндүрүп, сатып ири киреше таба ала турган, ошол эле учурда ата мекендик продукциябыз атаандаштыкка туруштук бере тургандай мүмкүнчүлүккө ээ.
Бул жаатта апта башында Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын "Жалпы артыкчылыктар тутуму" программасын колдонууну тапшырды. Бул программа Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу айыл-чарба товарларын АКШга экспорттого мүмкүнчүлүк түзөт.