Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 15-июлга чейин ЕАЭБдин алкагында бюджетке импорттун кыйыр салыгынан 16 миллиард 231,6 миллион сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миллиард 252,6 миллион сомго же 147,8 пайызга көп. Ал эми ташып келинген жүктөргө товар коштоочу документтерди бербеген фактылар боюнча 1 миң 21 материал мобилдүү топторго өткөрүлүп берилген. Мындай материалдардын саны былтыркыдан 567ге көп.