Жаңылыктар
Бишкекте курт жеген эмен бактарын дарылоонун натыйжасы текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте курт жеген эмен бактарын дарылоонун натыйжасы текшерилүүдө

Бишкекте курт жеген эмен бактарын дарылоо үчүн изилдөө жүргүзүлүп, препараттардын натыйжасы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

"Узак убакыттан бери эмен багын таарыгыч курттан сактоо алгоритмин иштеп чыгуу үчүн илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Акыркы экспериментте зыянкечтер менен күрөшүүдө натыйжалуу дарыны аныктадык", — деп айтылат маалыматта. Изилдөө үчүн питомниктеги эксперименталдык аймакка жаш эмен көчөттөрү отургузулуп, сегиз катарга бөлүнгөн. 

Жетөөнө дары чачылса, бирөөсүн салыштыруу үчүн атайын дары себишкен эмес. Сыноо бир айга созулуп, препарат натыйжалуулугун 70 пайыздан 90 пайызга чейин көрсөткөн.