Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Каракол дарыясынан суу ташып, шаардагы зоопаркты дагы каптады. Бул тууралуу коомдук фонд кабарлады.
Маалыматка караганда, жаныбарлар кармалган жайдын тосмолору сынып, кызматкерлер тамактануучу жалгыз үйгө да суу кирген. Ичиндеги жолдорду жууп, чубалгылар үзүлүп электр энергиясы өчүп калган.
"Мүмкүн болушунча жаныбарларды кургак жерлерге которуп жатабыз. Мунун баарын оңдоого каражат талап кылынат", — деп жазылган маалыматта.