Боом капчыгайындагы үрөй учурган жол кырсыктан беш киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык 30-июлда, кечке жуук Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа тилкени бөлүп турган тосмого урунган. Унаадагылар Балыкчыдан Бишкекке бара жатканы айтылды.