Жаңылыктар
Жогорку соттун төрайымы Аксыдагы жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку соттун төрайымы Аксыдагы жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районунда болуп, жаратылыш кырсыгынан каза болгон тургундардын жакындары менен жолугуп сот тутумунун атынан көңүл айтты. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, 20-июлда Аксы районунун Ак-Жол жана Жаӊы-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, Ак-Жол айыл аймагынан 7 адам жана Жаңы-Жол айыл аймагынан 1 адам каза болгон. Мындан тышкары, Сузак районунун Кара-Дарыя, Серный жана Достук айыл аймактарында дагы сел жүрүп, анын кесепетинен 6 жаштагы Арууке Манапова каза болгон. Нургүл Бакирова кырсыктан каза болгондорго багыштап куран окутуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө сот тутумунун атынан материалдык жардамдарды тапшырды.