Бишкек-Ош жолунун 133-141-чакырымында түзүлгөн унаалардын тыгыны аталган аймакка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун келишине байланыштуу орун алган эмес.
Автоунаалардын топтолушу унаа жолунун көрсөтүлгөн тилкесинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.
Көрсөтүлгөн жол тилкесин оңдоо 2021-жылдын 19-июлунда "Мостдорстрой" ЖЧК тарабынан башталган. Учурда унаа жолунун аталган участогунда асфальт-бетон төшөө үчүн негиз даярдоо боюнча иш жүрүүдө.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапары менен барган. Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Бишкек-Ош багыты боюнча жолдордун реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышып, бир катар өнөр-жай жана социалдык объектилерине барат.