Жаңылыктар
Улан Сатиев КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Улан Сатиев КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп бекитилди

Улан Сатиев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. 29-июлда өткөн Байкоочу кеңештин кезектеги жолугушуусунда КТРКнын башкы директорунун телеберүү боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан Сатиев Уландын талапкерлиги көпчүлүк добуш менен колдоого ээ болуп, орун басарлык кызматка бекиди. 

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 14 мүчөсүнүн 10 мүчөсү Сатиевдин талапкерлигин колдоп өз добуштарын беришти. Андан соң Сатиев Улан КТРКда аткара турган алдыдагы иш пландары тууралуу айтып берди.