Ысык-Көл облусунда сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.
Анын натыйжасында турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон. Азыркы учурда Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун Өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган жок.