Жаңылыктар
MegaCom жана анын үлүштөрүн сатуу боюнча мыйзам долбоор парламентте каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
MegaCom жана анын үлүштөрүн сатуу боюнча мыйзам долбоор парламентте каралууда

MegaCom компаниясын жана мамлекеттик банктардагы үлүштөрдү сатуу боюнча токтом долбоору Жогорку Кеңешке түшүп, учурда жалпы жыйында каралып жатат. 

Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов баяндама жасап, мамлекеттин төмөнкү менчиктерин сатуу сунушталып жатканын билдирди. MegaCom соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын акциясынын 100 пайызы, "Кепилдик фондунун" 14,09 пайызы, "Керемет банктын" 0,74 пайызы, Евразиялык сактык банктын 76,56 пайызы. 

Тиешелүү жол-жоболорго ылайык, бул программа Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилиши керек. Активдер тууралуу кыскача маалымат, "Керемет банк" алгач "Азия универсал банкынын" активдеринин базасында "Залкар банк" болуп түзүлүп, кийин "Росинбанк" болуп өзгөргөн. Анын негизги акционери — Улуттук банк 97,45 пайыз үлүшү менен.